Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) музыкалык жана драмалык чыгармалардын авторлору менен аткаруучуларын сый акысын алып кетүүгө чакырат.

Кыргызпатент 2020-жылы чогулган сый акыларды үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта бөлүштүрүп жатканын белгилейт.

«Бүгүнкү күндө ГИПЕРГРАФ автоматташтырылган программасы аркылуу 784 автор, аткаруучулар жана укук ээлерине 7 465 065 сом өлчөмүндө сый акы которулду. Чыгармалары телерадиодо пайдаланылган кээ бир авторлордун мураскерлери менен байланыш жок болгондуктан сый акылары берилбей турат. Ошого байланыштуу алардын тизмесин жарыялайбыз», — деп жазылган маалыматта.

Эгер сиз өзүңүздү  бул тизмеден тапсаңыз, Кыргызпатентке кайрылуу сунушталат.