Токио олимпиадасына катышкан балбандар тобу мекенге сапар алганы маалым болду. Айымдар, кыз-келиндер күрөшү боюнча улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев сапар алдында “Жапон туугандардан көп жакшы нерселерди алсак болот экен, көбүнчө, меймандостук, тазалык жана маданияты. Жакшы сезимдер калды. Жапон элине ыразаачылык билдиребиз, абдан жакшы тосушту. Келечекте биз дагы өнүгүп, ушундай деңгээлге жетсек экен деген тилек бар. Пандемиянын шарттары дагы тоскоол болгон жок. Олимпиадалык айылдын баардык тейлөө кызматтары да абдан жогорку деңгээлде экенин белгилегим келет” – деген пикирин билдирди.

Мекенге кайткан балбандарга ак жол, байсалдуу сапар каалайбыз!

Эскерте кетсек, эртең 7-августта Бишкектеги борбордук «Ала-Тоо» аянтында балбандарды салтанаттуу тосуп алуу аземи өтөт.