Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу менен кызматын тапшырганын жарыялады.

“Бүгүн Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан кетүүнү чечтим. Ишеним көрсөткөн президентке ыраазычылык билдирем. 3 жыл ичинде Ош шаарына эл үчүн азда болсо кызмат кылдык. Жаңы максаттар менен Бишкек шаарын мындан да жакшы кылып оңдойбуз деп пландаганбыз. Менин кызмат тапшыруумда эч кандай саясат жок. Бул жеке чечимим. Биздин максат мамлекетке элге кызмат кылуу. Алдыда жакшы максаттар бар”, – деди Сарыбашов.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Таалайбек Сарыбашов кызматтан өз каалоосу менен кеткенин  анын кеңешчиси Азамат Абсаттаров билдирген.

“Сарыбашов келе жаткан шайлоого дагы катышпайт. Арызды өз каалоосу менен жазды. Азыр саат 14:00дө жаңы мэр келип жамаатка тааныштырылышы мүмкүн”, – деген Абсаттаров.