Президент Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын президенти Ариф Алвини жана жалпы Пакистан элин улуттук майрамы — Эгемендүүлүк күнү менен жеке өзүнүн жана Кыргыз элинин атынан куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер эки элдин бакубаттыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Садыр Жапаров Ариф Алвиге бекем ден соолук, узун өмүр жана ишине албан-албан ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Пакистан элине тынчтык жана өнүгүү каалады.