Саясат

Марипов Ош шаарынын мэрлигине Алмаз Мамбетовду көрсөттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция мэрликке Алмаз Мамбетовдун талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз  кызматы билдирди.

Азырынча Мамбетов калаа башчылыгына жалгыз талапкер.

Белгилүү болгондой, Ош шаарынын мэрин шайлоо 26-августта өтөт.

Бүгүн, 18-август шаар мэрлигине талапкерлигин коюунун акыркы күнү.

45 жаштагы Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри, 2019-2020-жылдары Мамлекеттик катоо кызматынын төрагасы, 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин президенттин иш башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген. Учурда Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматын аркалап келет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button