Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын 24-августка жылдырды. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 10:00гө белгиленген соттук отурум Зулпукаров белгисиз себептерден улам сотко алынып келинбегендиктен, сот анын баш коргоо чарасын кароону 24-августка жылдырган.
Шаардык соттун имаратынын алдына депутаттын колдоочулары, тарапташтары чогулуп Зулпукаровдун акталышын талап кылышууда.
Эске салсак, Төрөбай Зулпукаров “Кумтөр” кенин иштетүүгө байланыштуу коррупциялык иштерди тергөөнүн алкагында 31-майда УКМКга суракка чакырылып, андан соң кармалган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.