Бүгүн, 23-августта Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясында «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлоо аземи өтүүдө.

Анда өлкө башчы Садыр Жапаров Олимпиадада күмүш байгеге ээ болгон балбандар Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбековага «Манас» ордени, 10 миллион сом жана Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа тапшырылды.

Коло медалдын ээси Мээрим Жуманазаровага 3-даражадагы «Манас» ордени, 7 млн сом жана Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа белекке берилди.