Бүгүн кыргыз медиа сегментинде саясатчыларга жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланды. Анда калктын 32%ы Президент Жапаровго ишеним артаарын билдирди. Бул өтө жакшы, өз элине ак кызмат кылган, эл үчүн кендерди кайтарып берип жаткан ажосуна эл ишенет.

Эми кептин төркүнү башкада. Иликтөө Center for Insights in Survey Research (CISR) Эл аралык республикалык институттун буйрутмасы менен SIAR Research and Consulting компаниясынын изилдөөсү артында өткөн. Дал ушул иликтөөнү өткөргөн компанияга  жана эмнеге Кыргыз элинин саясаты аларды кызыктырат?

Эл аралык Республикалык Институт – бул жеке өлкөлөргө демократияны курууда жардам берүү максатын жарыялаган коммерциялык эмес уюм. IRI Директорлор кеңешинин төрагасы – Аляска сенатору Дэн Салливан.

Уюм АКШнын Мамлекеттик департаменти, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги жана дүйнө жүзүндөгү америкалык саясий күчтөрдү каржылаган бир нече фонддор менен тыгыз кызматташат.

Күзүндөгү шайлоо алдында,  кырдаалды күчөтүү үчүн,  кыргыз элинин биримдигин, ынтымагын бузуу үчүн булар колунан келген аракетин жасашат.

Болбосо тээ деңиздин ары жагында жашаган батышка биздин саясаттын эмне кереги бар? Албетте кендерибиз, алтындарыбыз, климатыбыз аларды кызыктырбай койбойт. Бейиштин жери болгон мекенибизге көз артып, биздеги куйруктары, НПОнун өкүлүбүз деген, гейлердин парадын уюштуруп жүргөн Рита, Динара баштаган айымдарын агытып, элдин биримдигин бузууга кам көрүшүүдө. Андыктан Манас атанын тукумдары, баарыбыз бир жеңден баш чыгарып, мындай бузукулардын арам ойлоруна каршы тууруу керекпиз!