Бишкек жана Ош шаарларында 29-августта айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жарманке жарандардын дүң баада азык-түлүк сатып алуусуна шарт түзүү максатында өткөрүлмөкчү.
Жарманке төмөнкү даректерде өткөрүлөт:
— Бишкек шаары, Киев, И.Раззаков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиштеринде.
— Ош шаары (Айыл чарба техникумунун — А.Сүйүнбаев атындагы спорт аянтчасына чейин).
«Жарандарды колдоо максатында дыйкандар айыл чарба продукциясын дүң баада сатышат» деп жазылат маалыматта.