Кыргыз Республикасынын президентинин “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду, – деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Документ менчикти коргоонун конституциялык кепилдиктерин камсыз кылуу, туруктуу экономикалык өсүштү стимулдаштыруу, чарба субъекттердин экономикалык ишине мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн жокко чыгаруу, ошондой эле инвесторлордун ишенимин жогорулатуу, жагымдуу инвестициялык климатты жана ишкердик чөйрөнү түзүү максатында кабыл алынды.

Иш-чаралар планы өзүнө 16 милдетти аткарууну камтыйт, алар төмөнкүлөргө багытталган:

– инвестициялык объекттердин ишинин жана инвесторлордун мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу;

– негизги бизнес-процесстерди санариптештирүү жолу менен салыктык башкаруунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;

– экономикалык кылмыштарды жана жоруктарды декриминалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорлорунун пакетин, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бөлүгүн аутсорсингге өткөрүп берүү методикасын иштеп чыгуу;

– укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын жана алардын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун баалоонун жаңы механизмин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү (ишкерлерди жана алардын жеке менчигин колдоого жана коргоого басым жасоо менен);

– лицензияларды жана уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча бирдиктүү электрондук порталын түзүү, лицензияларды жана уруксаттарды берүүнүн автоматташтырылган системасын камсыз кылуу.