Коом

Президенттин Ички аскерлерге карата камкордугу мекендин коопсуздугу үчүн ак дилден кызмат кылууларына жакшы стимул болду

Мекенибиздин, элибиздин коопсуздугу үчүн абийирдүүлүгү менен кызмат өтөшүп, Мекен алдында берген антын бекем карманып, намыска бек турушкан ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы, президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевичтин көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылыктарын билдирип өтүштү.

Касыл Жээнтаев, Ички аскерлердин кол башчысынын орун басары:

-Биринчиден бардык кесиптештеримди Ички аскерлердин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдык мааракеси менен куттуктайм! Бул албетте биз үчүн абдан кубанычтуу жана сыймыктуу күн деп айта алам. Дал ушул кубанычтуу күндө Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы өзү келип, майрамыбыз менен куттуктап, күжүрмөн тууну тапшырганы бизди абдан чоң сыймыкка бөлөп, ошол эле учурда жоопкерчилигибизди мындан да арттырды десем туура болчудай. Себеби, биз ошол туу астында биригип, өлкөнүн коопсуздугу үчүн кызмат кылабыз. Акыркы жолу 2011-жылы биздин Ички аскерлердин айлык маянасы көтөрүлүп, андан бери маяна маселеси каралбай, биз үчүн көйгөйлүү маселелердин бирине айланган. Өлкө башчысы Садыр Жапаров 2021-жылдын 1-октябрынан тарта Ички аскерлерде кызмат өтөгөн кызматкерлердин айлык маянасы 40 пайызга көтөрөөрүн кабарлаганы биз үчүн абдан жагымдуу жаңылык болуп олтурат.

Максат Исабаев, Ички аскерлердин аскердик кызматташтык тобунун улук офицери:

-Сөз башында бардык кесиптештеримди Ички аскерлердин түзүлгөнүнүн 80 жылдык мааракеси менен чын дилден куттуктайм. 80 жылдык мааракенин урматына уюштурулган иш-чарага күч түзүмдөрүнүн Башкы колбашчысы Жапаров Садыр Нургожоевич да катышып, бизди абдан кубантып олтурат. Ошондуктан бул күн биздин тарыхыбыздагы өзгөчө күндөрдөн болоорун да айта алам. Катышуу менен эле чектелип калбастан өлкө башчыбыз өз сөзүндө Ички аскерлердин айлык маянасынын көтөрүлөөрүн жана аскерлердин кызмат кылуусунда 1 жыл, 1,5 жылга, ал эми Баткенде кызмат кылган кесиптештерибиздин 1 жылы 2 жылга эсептелээрин айтып кош кубанычка бөлөдү. Бул үчүн президентибизге терең ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин.

Олжобай Жээнкулов, Ички аскерлердин тарбия иштери башкармалыгынын офицери:

-Ички аскерлердин түзүлгөнүнө 80 жыл толгон мааракебиз биз үчүн абдан кубанычтуу майрам күндөрдүн бири болуп олтурат. Дегеним, дал ушул күнү кубанычыбызга ортоктош болуп, өлкөнүн куралдуу күч түзүмдөрүнүн Башкы колбашчысы Жапаров Садыр Нургожоевичтин мааракеге катышып, күжүрмөн тууну өз колу менен тапшырганы бизге дем берип, сыймыктанууну жаратты десем болот. Мындай окуя биздин тарыхыбызда биринчи жолу болуп жаткандыгын да айта кетсек көптүк кылбас. Өлкө башчыбыздын биздин кызматка көңүл буруп, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүн 1 жылын 1,5 жыл, Баткенде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин бир жылдык кызматын 2 жыл деп эсептелээрин айтып, маянаны дагы көбөйткөнү, аскерлердин кызмат кылуусу үчүн жакшы шарттардын түзүлүп жатышы албетте, бизди кубантпай койбойт. Бул көрүлүп жаткан шарттар, жеңилдиктер жана камкордук биздин Ички аскерлердин кызматкерлерине мындан да жоопкерчиликтүү болуп, мекендин коопсуздугу үчүн ак дилден кызмат кылуусуна жакшы стимул болду десем жаңылышпайм.

Гүлзина Осмонакунова, Ички аскерлердин Финансы башкармалыгынын финансы-эсептөө бөлүмчөсүнүн башчысы:

-Биздин 80 жылдык кубанычыбызга ортоктош болуп, куттуктоо сөзүн айтып кеткен Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Жапаров Садыр Нургожоевичке терең ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин. Бул бөлүмдүн түзүлгөн тарыхынан баштап эле эркектер менен тең ата болуп айымдар да өз кызматын ийгиликтүү аркалап келе жаткандыгын баса белгилегим келет. Ошол себептен жумуштун оор экенине карабай, берилгендик менен өлкөгө асыл эмгегин арнап келе жаткан күчтүү, патриот кыргыз айымдарын бүгүнкү Ички аскерлердин түзүлгөнүнүн 80 жылдык мааракеси менен өзгөчө куттуктап кетмекчимин.

ИИМдин басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button