Саясат
БШКга 15 партия шайлоого катышуу тууралуу билдирүү жөнөттү
15 саясий партия Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышары тууралуу БШКга билдирүү жөнөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Алар төмөнкүлөр:
Социал -демократтар;
«Улуттар Биримдиги» Элдик партиясы;
«Ишеним»;
«Альянс»;
«Кыргызстандын Жашылдар партиясы»;
«Жаратман Эл»;
“Кыргызстандын биримдик патриоттук партиясы”;
«Ата Мекен»;
«Ыйман Нуру»;
«Элдин үмүтү»;
«Активдер»;
Элге бийлик;
Акыйкат Кыргызстан;
«Ар-Намыс»,
«Кыргызстан саясий күчтөрүнүн альянсы».
Шайлоо 28 -ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бир округдан, 36 депутат бир мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланат.