Коом

Бакытбек Жумагулов: Майыптыгы бар балдарды социалдык жактан коргоо абдан эле төмөн болуп келген

Калкты социалдык коргоо жана социалдык жактан аялуу катмарды колдоо мамлекеттин маанилүү функцияларынын бири. Бул өңүттөн алып караганда, майыптыгы бар балдарга жана  жарандарга социалдык жактан колдоо көрсөтүү, тилекке каршы, ушул кезге чейин төмөнкү деңгээлде калып калганын белгилей кетүү зарыл. 2018 -жылы майып балдардын социалдык жөлөкпулу аз канча көтөрүлгөнүнө карабастан, балдарды социалдык жактан коргоо абдан эле төмөн болуп келген. Анда 3 миңден 4 миң сомго көтөрүлгөн.

Негизги тамак -аш азыктары менен дары –дармектердин баасынын кымбатташын эске алуу менен Президент С.Жапаровдун айрым категориядагы жарандардын социалдык жөлөкпулдарын жогорулатуу боюнча социалдык багыттагы Жарлыгы менен пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө Жарлыгын өз убагында жана абдан актуалдуу болду деп айтууга болот.

Пенсиянын базалык камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоо маселесине Соцфонддун ресурстары менен мүмкүнчүлүктөрү тартыла турганы дагы кубандырат. Президенттин Жарлыгы калктын социалдык жактан аялуу катмарын колдоого багытталганында сөз жок, ал Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата Президенттин билдирүүсүнө төп келип олтурат.

Социалдык кепилдиктеги төлөмдөрдүн өлчөмүнүн этап -этабы менен көбөйтүлүшү — 2021-жылдын октябрынан пенсия жана жөлөкпулдардын, 1-январдан тартып жөлөкпулдардын көлөмү 100%, 200% га көбөйтүлүшү Президенттин алдыдагы 5 жылда ар бир кыргызстандык сапаттуу билим жана татыктуу жашоо менен камсыздалат деген билдирүүсү менен үндөшүп турат. Дал ушундай кадамдар — калктын социалдык жактан аялуу катмарын сапаттуу коргоо, сапаттуу камсыздоо менен мамлекет калктын ишенимин жарата алат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button