Россиянын президенти Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунун (ЕЭФ) пленардык сессиясынын модераторунун суроосуна жооп берип жатып, уюлдук телефон колдонбой турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, журналист, пленардык сессиясынын модератору Сергей Брилев башында мамлекет башчысына кайрылган: «Мен сахнага чыга электе эле ошол жакты карап, Ангела Меркель (Германиянын канцлери) эмес экениңизге ынандым. Сизде уюлдук телефонуңуз жок экенине  күбө болдум, ошондуктан ал иш -чаранын жүрүшүндө шыңгырабайт «, — деди Брилев.

«Менин оюмча, байкоо кыйын болгон жок», — деп тамашалады Президент.

Ушундан кийин журналист мамлекет башчысынан уюлдук телефон колдонуусуна кызыгып:

«Баса, Владимир Владимирович, сизде уюлдук телефон барбы?» — деп сурады

«Жок», — деп жооп берди Путин.

Эске салсак, августта Путин менен Меркелдин жолугушуусунда Кремлде капысынан телефон чалуу болуп: Германиянын өкмөт башчысы чөнтөк телефонун өчүрүүнү унутуп калса керек. Меркель телефонду чөнтөгүнөн чыгарып аны өчүргөн. Путин бул окуяга көңүл бурбай сөзүн уланткан.