Саясат
Шайлоо-2021. Талапкерлер жана партиялар документтерди 18 -октябрга чейин тапшырышы керек
18-октябрга чейин бир мандаттуу талапкерлер жана партиялар БШКга каттоо үчүн керектүү документтерди тапшырышы керек.
Шайлоо күрөөсү да ушул күнгө чейин төлөнүшү керек экени көрсөтүлгөн. Партиялар — талапкерлердин тизмесин түзүү, бир мандаттуу — көрсөтүү процедурасын аяктоо үчүн. Убакыт 18.00дө бүтөт.
Талапкерлер 29 -октябрга чейин катталууга тийиш.
Бюллетендерде партиялардын жана бир мандаттуу талапкерлердин катар номерлерин бөлүштүрүү үчүн чүчү кулак тартуу 3-ноябрга чейин өткөрүлүшү керек.
Эске салсак, шайлоо 28 -ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система — саясий партиялардын тизмеси аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан — мажоритардык система менен боюнча шайланат.