УКМК сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу каналын түзгөн тобу аныкталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

2021-жылдын 4-сентябрында  ыкчам-тергөө тобу тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынан 1 кг өлчөмдөгү баңгизатты сатууну көздөгөн КР жараны «Ю.Б.У.» кармалды.

Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан баңгизаттар менен алектенген башка адамдарды аныктоого, ошондой эле транзиттик жана баңги аткезчилигинин башка каналдарына бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.