Коом

Исхак Раззаковдун 111 жылдыгына карата виртуалдуу көргөзмө ачылды

Мамлекеттик архив агенттиги көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 111 жылдыгына карата виртуалдуу көргөзмө уюштурду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдады.

Онлайн-экспозиция коомчулукту XX кылымдын белгилүү мамлекеттик ишмеринин жашоосу менен тааныштыруу максатында даярдалган.

«Тарыхый-даректүү көргөзмө Борбордук мамлекеттик архивдин коомдук-саясий документация фондундагы документтердин негизинде түзүлдү. Онлайн-көргөзмө «Кыргызстандын мамлекеттик ишмерлери» көргөзмө сериясынын алкагында уюштурулууда», — деп айтылат маалыматта.

Razzakov.archive.kg сайтында Исхак Раззаковдун жашоосунун негизги этаптары жана коомдук-саясий ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтар камтылган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button