Кемин районунун Кайыңды айылынын Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Көк-Жар токоюнда чыккан өрт адамдардын шалаакы жана кайдыгер мамилесинен улам келип чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы  кабарлады.

ӨКМдин куткаруучулары тилсиз жоо менен күн-түн дебей күрөшүп жатышат.

“Жаратылыш шарты катаал бул аймакта өрт менен күрөшүү чоң эмгекти талап кылып, куткаруучулар ондогон чакырымды жөө басып өтүүдө. Кургакчылыктан улам токойлордогу жана тоо боорундагы чөптөр куурап, өрттүн келип чыгуу коркунучу өтө жогору”, — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ жарандардан өрт коопсуздугун сактап, табият кырсыктарынын келип чыгышына жол бербөөнү өтүнөт.

Ошондой эле ведомстводон дал ушундай этиятсыздыктан келип чыккан өрт кече жакында Түркия мамлекетине эбегейсиз чоң чыгым алып келип, ондогон адам каза таап, миңдеген гектар токойду жок кылгандыгын эскертишти.

“Табиятты, токойлорду сактоо жана коргоо баарыбыздын милдетибиз”,- деп айтылат маалыматта.