Коом

Оппозициянын көздөгөн максаты эмнеде?

Оппозиция Садыр Жапаров дун «Унаа» ишканасында жетекчилик кылган кудасы жөнүндө тендерди коррупциялык жол менен уткан деген маалымат тарата башташты.

Бул тендерди Садыр Жапаров бир апта  мурда эле өзү жокко чыгарып, текшерүү киргизген. Текшерүү аяктап калыптыр. Эртең өкмөттүн чечими чыгат экен. Оппозиция маалыматты кечигип чыгарып жатасыңар.

Эми жыл башындагы Садыр Жапаровдун шайлоо мезгилинде эл алдында жооп бергенине келели. Ал, «ооба менин кудам болот, бирок ал өмүр бою мага оппонент болуп, Ата-Мекен партиясында жүрөт» деген эле. Көрсө ошол мезгилде Ата-Мекен партиясы Шаолинди, Сурабалдиеваны жана кудасы үчөөнү соодалашып кызматка койдурган турбайбы.

Шаолин менен Сурабалдиевадан кутулду. Эми кудасынан да кутулат деп үмүт этип туралы. 120 чимкириктен элди кутултуп, 54 чимкирик калтырып берди. Кудасы кеп бекен? Чыдап күтө турсак эмки шайлоодо 54 чимкирикти да жок кылып берет деп ишенип туралы. Баардык ичкич жегичти бир моментте жок кылыш оңойго турбайт эмеспи. Алардын артында батыш өлкөлөрү турат.

Кай бирөөсүнүн артында Россия турат дегендей. Садыр Жапаров жалгыз. Дагы акырындык менен ушунча тазалап келе жатканына шүгүр дейли. Бактылуу өкмөттүн 14 чычкагы 10 жылда жасай албаган реформаны жалгыз бир жылга жетпей жасап койду. Эч бир президенттердин алы жетпеген олигархтарды кустуруп, бир сыйра тазалап берди.

Бизге дагы эмне керек? Эми шайлоодо тили бир метр, колунан койдун корголу келбеген шылуундарга алданып калбасак эле Кыргызстаныбыз алдыга дүркүрөгөн бойдон кетебиз. Чыдагыла!

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button