Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен “Кыргызстанда компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү” гранттык долбоорун ишке ашыруу боюнча талкуулоо протоколуна кол койду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага аталган комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ жана KOICA өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы директору Ли Жонгсу катышты.

“Кыргызстанда компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү” долбоору өлкөдөгү киберкоопсуздуктун абалын бекемдөөгө багытталган.

KOICA долбоорунун алкагында SOC борборунун түзүү, жабдуулар жана программалар менен камсыздоо, мамлекеттик органдардын киберкоопсуздугун коргоо жана адамдык потенциалды өнүктүрүү боюнча чечимдерди жайылтуу пландаштырылууда.

Долбоордун узактыгы 5 жыл (2021-2025) болот. Аны ишке ашыруу каражаты 5 миллион АКШ долларын түзөт.