Коом

Бишкек–Ош жолунун 246 чакырымында кардан коргоочу галерея курулууда

Бишкек–Ош унаа жолунун 246 чакырымында узундугу 460 м жабык типтеги кардан коргоочу галерея курулууда. Бул тууралуу транспорт жана жол министрлигинин  басма сөз кызматы кабарлады.
2021-жылы галерея куруу жумушу кайрадан башталып жер иштери аяктаган. Анын ичинде дренаждык система боюнча, казуу жана кайра толтуруу 44% (күтүлгөн көлөмдүн 50%), арматура иштери, опалубка монтаждоо, бетон куюу 46% (күтүлгөн көлөмдүн 55%), башка жумуштар аткарылды. Убактылуу курулуштардын 18% курулду (күтүлгөн көлөмдүн 20%).
2020-жылы жумуш COVID-19 пандемиясынан улам жүргүзүлгөн эмес, анткени Япония өкмөтү контракттык жана консалтингдик компаниянын Кыргыз Республикасына баруусуна тыюу салган.
2018-жылы тендердин жыйынтыгы боюнча подрядчы тандалып алынган. 2018- жылдын 12-октябрында япониялык подрядчы «DAI Nippon-Iwata Chizaki JV» БИ менен 3450 миллион япон иенине келишим түзүлгөн.
2019-жылы курулуш иштери башталган. 44 галерея бөлүмүнүн ичинен 6 курулуп бүткөрүлүп 25%ды түздү.
Гранттык макулдашуунун негизги максаты – кар сактоочу галереясын куруу аркылуу табигый кырсыктардын тобокелчиликтерин азайтуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу. Ошону менен Кыргыз Республикасында автотранспортту жана логистиканы жакшыртууга салым кошуу. «Бишкек–Ош 246 чакырымындагы жолду кар көчкүдөн коргоо» гранттык долбоору Япония Өкмөтү тарабынан каржыланат жана Бишкек–Ош жолунун 246 чакырымында жабык типтеги кардан коргоочу галереяны курууну карайт. Япония Өкмөтү бул долбоорго 4 миллион 288 000 000 япон йенин (39,2 миллион АКШ долларын) бөлдү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button