Коом
Быйыл Бишкектеги мектептерде 170 миң окуучу билим алат
Бүгүн, 15-сентябрда өлкө аймактарында жаңы окуу жылы башталып, мектептерде салтанаттуу линейка орун алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, борбор калаада быйыл 1-класска 16 миң 840 окуучу кабыл алынды.
«Бул жылы Бишкек шаарындагы мектептерде 170 миң окуучу окуйт. Алардын ичинен 16 миң 840 бала мектеп босогосун алгачкы жолу атташты. Салтанаттуу линейкада коңгуроо кагылып, андан соң ачык сабактар өтүлдү», — деп жазылат маалыматта.