Балбак Түлөбаев Маданият ишмерлеринин Садыр Жапаровго кайрылуусу боюнча пикирин Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Ал мындай аракеттердин ордуна маданият кызматкерлерине өлкөдөгү маданият чөйрөсүн көтөрүүнү кеңеш кылды.

«Аттын изине, иттин изи аралашып кетти. Авамды уят кылып бүтмөй болдуңар. Ой койсоңорчу! Силер жок эле эл колдоп алат. Элди бөлүп, чыңалтпай. Андан көрө маданият ит ыйлай турган ахбалда. Ошону көтөрчү биринчи. Ким ушуну ойлоп таап сунуштаса акылыңарга береке. Ой элди бириктирип, ынтымакка алып келе албай атсак. Азыр позиция, оппозиция, бийлик бутактары бир муштум боло турган убак, кыргыз үчүн, өнүгүүсү үчүн!. Чыңалып, түйүлгөн муштум менен, ызырынып, тиштенип шайлоого барган болбойт. Токтойлу! Кепке келели. Өлкө бирөө эле», — деп жазат Түлөбаев.