Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги саламаттыкты сактоо тармагына 506 миллион 450 миң сом бөлүүнү суранат. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев ЖКнын бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.

«Былтыркы жылы коронавирус пандемиясы менен күрөшүү иштери 77,8 пайызга аткарылды. Ал эми 2021-жылга болгон алдын ала божомол менен 618 миллион сом бекиткен. Бирок иш жүзүндө керектөөлөр 756 миллион сомду түздү. Биз жылдын аягына чейин каражат күтүп жатабыз. Ошондуктан бөлүнгөн каражаттын суммасын 506 миллион 450 миң сомго көтөрүп берсеңиздер», — деди министр.