Коом

“Дордой” конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

“Дордой” конушунда 140 балага ылайыкталган бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бала бакча курууга бөлүнгөн жердин жалпы аянты 0,57 гектарды түзөт жана курулуш иштерине каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.

Бала бакчанын имаратында ойноочу, тамактануучу, уктоочу бөлмөлөр, медициналык кабинет, музыкалык-гимнастикалык зал жана башкалар болот.

Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн сынактын негизинде куруу иштерине “Монолит строй” курулуш компаниясы тандалып алынган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button