Бишкектин мектептеринде коронавирус аныкталгандагына байланыштуу айрым класстар карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

— Биринчи май районунда №48 мектепте бир класс, №70 мектепте бир класс;

— Ленин районунда №9 мектепте эки класс, №13 мектепте бир класс, №8 мектепте бир класс;

— Свердлов районунда №11 мектепте бир класс, №38 мектепте бир класс, №4 мектепте үч класс, №65 мектепте бир класс, №66 мектепте бир класс карантинге жабылган.

Белгилей кетсек, бекитилген иш-чаралардын алгоритмине ылайык, бардык мектептерде Бишкектеги Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун буйругу бар, анда ооруган учурлар катталган.

“Урматтуу ата-энелер! Эгер сиздин балаңыз ооруп калган болсо, анда аны мектепке же бала бакчага жибербеңиз. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн карантинине ылайык, мектеп окуучусу же мектепке чейинки бала дагы коронавирустун алып жүрүүчүсү болушу мүмкүн экенин унутпаңыз жана аны билбей туруп, башкаларга жугузуп албаңыз”, — деп айтылат маалыматта.