Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат ишин айкалыштыруу боюнча Москва шаарындагы резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Армения Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.