Азыркы учурда, биздин республиканын өнүгүү тепкичинде укук коргоо тутумунун чөйрөсүндө чечкиндүү өзгөрүүлөрдү жүргүзүү зарылчылыгы келди. Бүгүнкү күндө, ар кайсы дискуссия аянтчаларынын күн тартибинде негизги каралуучу суроо катары, башкы мамлекеттик органдарынын арасынан мыйзамды жана укук тартипти камсыздоону ишке ашыра турган органды заманбапташтыруу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өзүнүн сөздөрүндө бир нече ирет укук коргоо органдарынын тутумунда өзгөртүүлөрдү жүргүзүү зарылчылыгын айтып келген. Өз кезегинде, 2021-жылдын 30-сентябрында Бишкек шаарында “Реформа жана жыйынтык үчүн” Жарандык бирикмесинин катышуусунда милиция жана жалпы укук коргоо тутумун реформалоого арналган тегерек стол өткөрүлдү.

Аталган тегерек столдо жарандык бирикме тарабынан демилгечүүлөрдүн оюу боюнча укук коргоо тутумунун ишмердүүлүгүн өзгөртүүдө жемиштүү натыйжаларды берилиши мүмкүн болгон төмөнкү жети кадамды талкууга коюшту:

  1. жарандык министрликке өтүү.
  2. артыкчылыктуу укук коргоо иштерине кийлигишпөө принциби;
  3. укук коргоо органдарында бирдиктүү кадр кызматы жана конкурстук тандап кабыл алуу тартиби;
  4. кайгуул милиция кызмат долбоорун жайылтуу менен ЖКККББны ИИМдин карамагынан чыгаруу;
  5. эки тепкичтүү милиция/полицияны түзүү;
  6. сырттан баалоону киргизүү;
  7. психологиялык жардам көрсөтүү тутумун өнүтүрүү.

Бирок мен ИИМдин коомдук Кеңешинин төрагасы катары төмөндөгүлөрдү озгөчо белгилеп кетемин. Жогоруда тегерек столдо талкууга алынган иш-чаралардын баардыгы  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан бир нече жылдар бою аткарылып келе жатканына күбөмүн, бул кадамдар укук коргоо органдарын реформалоодо абдан маанилүү багыт экуендигин мен жакшы түшүнөмүн.

Акыркы жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосунда жана ички иштер министри Улан Ниязбековдун жетекчилиги алдында Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртууда жакшы жетишкендиктерди көрсөтүштү. Аларды тастыктаган төмөнкү аткарылган иштерди айтса болот:

— 50 ашуун милициянын көчмө кабылдамалары ишке кирди;

— мамлекетибиздин барпдык аймактарында “Бирдиктүү терезе” принциби менен мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү пункттары ачылып, иштөөгө берилди;

— 3 коомдук алдын алуу борборлору ачылып, иштөөгө берилди;

— республика боюнча 10 ашуун заманбап милиция бөлүмчөлөрү ачылды;

— аймактык ички иштер органдарына 107 бирдик авто унаа каражаттары берилди;

— атайын бөлүктөр күжүрмөн авто унаалар жана 37 заманбап электроунаалар менен камсыздалды;

— мамлекетибиздин кооптуу болгон аймактарга 230 видеобайкоо каражаттары орнотулуп, ишке берилди;

— Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кызматкерлеринин айлык маянасы эки эсе жогорулатылды.

Укук коргоо органдарында реформалоо 20 жылдан бери токтоосуздан жүргүзүлүп келе жаткандыгына мен күбөмүн. Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо үчүн көп иш аткарылды, бирок алдыда мындан да көп иштер турат. Айта кетчү нерсе,  көп иштер аткарылганына карабастан бардык иш-чаралар ишке ашырылган жок, негизги себеби болуп – бул жетишээрлик деңгээлде каржылоо маселеси чечилбегендигинен.

Бүгүнкү күндө, мамлекетибиз масштабдуу реформа жүргүзүү үчүн каржы маселесин чечүүгө күчү жетпейт, ошондуктан ички иштер органдарынын өзгөртүүлөрүнүн көпчүлүк бөлүгүн эл аралык уюмдардын эсебинен жүргүзүлүп келет.

Бүткүл дүйнөнү каптаган пандемияга байланыштуу, биз эле гана эмес, гүлдөп өнүккөн өлкөлөр да оор социалдык-экономикалык абалда болгондугуна күбөө болдук. Азык-түлүктөрдүң, күйүүчү майлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кымбатташы аны тастыктаганы болуп саналат.

Пандемия көп адамдарды туруктуу болгон жумушу жок калтырып, республикадагы жумушсуздуктун абалын курчутту. Бул факт өлкөбүздүн экономикалык абалына гана эмес, социалдык жактан өнүгүүсүнө да таасирин тийгизди, анткени жумушсуздуктун саны жогорулашы мыйзам ченемдүү катары кылмыштуулуктун жогорулашына алып келет.

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары оор шарттарда иштеп келет, себеби адамзаты өнүккөн сайын кылмыштуулуктун жаңы түрлөрү да пайда болуп келет, алардын бири — эл аралык терроризм, уюшкан кылмыштуулук, диний экстремизм.

Кылмыштуулуктун бардык түрлөрү коомдун туруктуу жашоо тиричилигине, мамлекеттик түзүмдөрдүн көз карандысыздыгына, финансы мекемелеринин жана демократиялык институттарынын иш жүргүзүүсүнө коркунуч жататат. Бул коркунучтар менен ийгиликтүү күрөшүү үчүн, аталган чөйрөсүндө заманбап билимге ээ болгон атайын даярдыгы бар кызматкерлерди талап кылат.

Албетте, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү олуттуу уюштуруучулук, финансылык жана укуктук аракеттерди талап кылат.

Укук коргоо органдарынын бардык тутумунун ийгиликтүү келечеги терең жана алдыга карай узак убакыттуу өзгөрүшүнө байланыштуу болгону баарына түшүнүктүү болсо керек, ошондуктан мерчемделген иш-чараларды ирети менен республиканын масштабында мындан ары жүргүзүү олуттуу адамдык жана финансылык каражаттарды талап кылат.

Азыркы тапта, Кыргыз Республикасы дүйнөнүн башка көпчүлүк мамлекеттери менен катар, пандемиянын кесепетинен финансылык кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө. Ушул себептен, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин реформалоо боюнча иш-чараларын ишке ашырууга сырттан олттуу финансылык жардамды жана узак убакытка эсептелген консультациялык колдоо талап кылынат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңеши Кыргызстандын укук коргоо жана ички иштер органдарынын тутумдарын жакшыртууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө кызыкчылыгы бар тараптарды конструктивдүү маектешүүгө чакырат. Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн ИИМдин Коомдук кеңеши өзүнүн бардык кесиптүүлүгүн, болгон потенциалын колдонууга, ошону менен бирге кызыкчылыгы бар болгон тараптарга берилген сунуштарды талкулоого өзүнүн аянтчаларын берүүгө даярдыгын билдирет.

Биз биргеликте гана республикабыздын укук коргоо тутумун өркүндөтүп, башталган жалпы ишти аягына чейин жеткире алабыз.

Ялкун Даутов — Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Коомдук кеңешинин төрагасы