6-октябрда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн бардык аймактарында жамгыр, тоолорго кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлады.
Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондордо катуу жаан-чачын болот. Чүй, Талас, Нарын облустарында түндө -2….-4 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 3…8,
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 2…7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11,
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…13, күндуз 0…-5°.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаашы мүмкүн. Күндүз жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 5…7°.