Дубай соту 28 жаштагы кыргыз жаранына жаңы төрөлгөн баласын атайылап өлтүргөн деген айып такты. Бул тууралуу «Russian Emirates» сайты маалымдайт.

Иштин материалдарында аял кош бойлуу кезинде баңгизат колдонгону жана кыз төрөгөндөн кийин аны жаздык менен муунтуп өлтүргөнү көрсөтүлгөн.

«Экспертизанын жана соттук -медициналык экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй, баланын канында амфетамин жана метамфетамин аныкталган, анын өлөр алдында баш сөөгү жана көкүрөк сөөгү сынган. Айыпталуучу үйүндө төрөгөн ымыркайдын сөөгүн алып чыгууга аракет кылганда кармалган. Ымыркайдын сөөгүн кыргызстандык аялдын кошунасы тапкан. Ал чоң таштанды салынган чоң мүшөк менен үйдөн чыгып бара жаткан аялды көрөт, анын ичинде баштык болгон. Ал киши баштыкты көтөрүүгө жардам берүүнү сунуштаган, бирок ал баш тарткан жана баштык жарылган. Анын ичинде ымыркайдын сөөгүн көрүп, милицияга кайрылган. Сурак учурунда айыпталуучу жаңы төрөлгөн кызды жаздык менен муунтуп өлтүргөнүн айткан. Киши өлтүрүүдөн тышкары, сот аны баңгизат колдонгон деп да айыптады «, — деп жазылат маалыматта.