Бишкекте тез жардам кызматынын айдоочусу чакырууга келгенде сабалган. Бул тууралуу  Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында, окуя 9 -октябрда болгон. «Чакыруу саат 14.25те түшүп, аялдын толгоосу башталганы айтылган. Чакырык жалгыз бош бригадага тапшырылган. Бирок алар алыста болгондуктан, болжол менен жарым сааттан кийин айтылган дарекке келишкен. Бул учурда аялдын  күйөөсү сөгүнүп, айдоочуну сабай баштаган. Бригада алыстан келгенин, убакыт керек экенин түшүндүрүүгө аракет кылышты. Бирок ал ура баштады. Ал эми аялы таш ыргыткан », — деди ал.

Егор Борисов кошумчалагандай, команда кол салууга карабай, аялды төрөт үйүнө алып барууну сунушташкан. Бирок алар баш тартышып, жакын жердеги таксиге отуруп кетишкен.

«Айдоочу азыр Улуттук госпиталда дарыланууда. Биз милицияга арыз жаздык », — дейт Борисов.