Кызматтан кеткен ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун ордуна Адылбек Бийбосунов дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Адылбек Бийбосунов буга чейин ИИМдин кадрлар башкы башкармалыгын жетектеп келген.

«Бүгүн, 11-октябрда министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковду ИИМден узатуу аземи болгон. Анда министр Улан Ниязбеков Сүйүн Өмүрзаковдун чыныгы профессионал экендигин, 30 жылдан ашуун ички иштер органдарынын катарында үзүрлүү жана татыктуу ишмердүүлүк жүргүзгөндүгүн баса белгилешип, мындан аркы ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады» — деп айтылат билдирүүдө.

Сүйүн Өмүрзаков алдыда өтө турган шайлоого катышат.

“Министрдин биринчи орун басары катары кызматта олтуруп убактылуу рапортумду жазып шайлоого катышсам деле болмок. Бирок мен жеке кызыкчылыгымды мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой, шайлоого башка талапкерлер менен бирдей атаандаштыкта калыс катышайын деп чечтим. Ошол себептүү мен Ички иштер министрлигиндеги министрдин биринчи орун басары жогорку кызматымды тапшырып, шайлоого аттандым”, — деген Сүйүн Өмүрзаков.