Саясат

Чолпонбек Абыкеев: «Мамлекеттик идеология деген эмне?»

 Мамлекеттик идеология бул — мамлекеттик бийликтин мамлекетти руханий, маданий, экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүү үчүн алдыга койгон саясий максат багыты. Ал эми ар бир мамлекеттин багыты жана максаты – төгөрөгү төп келген, баардык жагынан өнүккөн өлкөнү куруу менен элине туруктуу бакубат жашоо шартын түзүп берүүнү көздөйт.

Ар бир мамлекет идеологиясын түзүлүп жатканда учурдун эң негизги көйгөйүн көтөрүп чыгып, кемчиликтерди жоюп, кыйынчылыктарды жеңип, туура багыт алыш үчүн том-том болгон программалар камтылган ураандар менен баштайт. Алсак, дайыма мисал келтирилип айтып бүтпөгөн Сингапурдун Мамлекеттик  идеологиясынын урааны бул “коррупцияга каршы күрөш” болгон.

Эмне үчүн? Анткени Сингапур азыркы Сингапурду куруу алдында кандай туңгуюкка кептелип турду эле? Ооба, төбөсүнөн, бутунун тырмагынын учуна чейин коррупцияга батып калган өлкө болчу. Ар кошкон улуттардан куралган өлкөгө темирдей тартипти киргизүү менен катуу күрөш зарыл болгон.

Ошондуктан алардын Мамлекеттик идеологиясы ЖАЗА, АЙЫП, мыйзам бузгандарды балак берип тартипке келтирүү, ууруларды орго салуу жана башка да жазалоо кодекстеринен турган программа менен түзүлүп, диктатуралык “Коррупцияга каршы”, “Коррупциясыз өлкө” деген ураандар менен багыт алышкан.

Ал эми биздин Мамлекеттик идеология ураанын сунуштаардан мурун мамлекетибиздин учурдагы көпчүлүктү тынчсыздандырган көйгөйдү издеп көрдүк.

Ал биздеги КЕЛЕЧЕККЕ болгон үмүттүн өчүп бара жаткандыгы экен.

КЕЛЕЧЕКТЕН үмүт жок- көптөгөн мыкты кесип ээлери, адистер өлкөнү таштап чыгып кетишүүдө.

КЕЛЕЧЕКТЕН үмүт жок-ар бир жаран мамлекетти эмес, өзүнүн гана керт башын ойлоп кайдыгерчилик жаралууда.

КЕЛЕЧЕКТЕН үмүт жок- колунда барлар балдарын чет өлкөгө жөнөтүүдө. Кай бири окууга болсо, кай бири эптеп ошол жактан ирденип колунан келген ишти кылып, ошол жактын жарандыгын алууга аракет кылсын деген ниет кылышууда.

КЕЛЕЧЕККЕ болгон үмүттү бийлик башына келгендердин коррупцияны гүлдөтүп мамлекеттик байлыкты ачык эле талап тоношу таптакыр өчүргөндүктөн, колдо барында пайдаланайын, байлык топтоп, балдарымдын өзүмдүн  келечегимди тезинен түптөп алайын деген жарандардын жандалбасы пайда болгон.

КЕЛЕЧЕКТЕН үмүт жок — көпчүлүк жаштардын билим алууга болгон ынтызары өчкөн:“Беш жыл окуп, бүткөн соң, иш жок, дипломум жаман сандыкты кайтарып калгыча, беш жыл иштесем бизнести аркалап кетсем пайдалуураак” деген тандоо жаралган…. жана башка ушул сыяктуу себептер.

Элибиздин көбүнүн КЕЛЕЧЕКТЕН үмүтү өчүп калгандыгы бул биздин учурдагы БАШКЫ КӨЙГӨЙҮБҮЗ.

Демек биз Мамлекттик Идеологиянын концепциясын КЕЛЕЧЕК менен байланыштырып, Элдин, КЕЛЕЧЕККЕ, Мамлекеттин КЕЛЕЧЕГИНЕ болгон ишенимин ойготуп, КЕЛЕЧЕК БАР!- деген ИШЕНИМДИ бекемдеген багыттан баштообуз керек болду.

Келечекти, Мамлекеттин келечегин жалгыз бир адам түптөп бере алабы?

Албетте жок, ошондуктан Жапаров Садыр Нургожоевич дагы КЕЛЕЧЕККЕ КЫЗМАТ деген ураан менен президенттик шайлоого аттанган.

Келечек эл менен түзүлөт.

Элибиз жапа тырмак келечегибизге кызмат кылганда гана Жаркын Келечек түптөлөт.

Мамлекеттик идеологиябыздын урааны – КЕЛЕЧЕККЕ КЫЗМАТ болушу керек.

Келечекке кызмат бул-  элибиздин билим алуусуна кам көрүү

Келечекке кызмат бул – элибиздин ден соолугуна кам көрүү

Келечекке кызмат бул- тартипти, мыйзамды сактоо.

Келечекке кызмат бул-коррупцияга жол бербөө.

Келечекке кызмат бул- кызмат ордундагы жоопкерчилик.

Келечекке кызмат бул- жаратылышка аяр мамиле жасоо.

Келечекке кызмат бул- бийликтеги калыстык, ачыктык, тазалык.

Келечекке кызмат бул- руханий адеп-ахлак, маданияттуулук жана башка…

Ушул Мамлекеттик идеология багыттарынын бир бөлүгү:

КЕЛЕЧЕККЕ КЫЗМАТ тарбия менен билимден башталат деген ураан менен, бала бакчадан баштап өспүрүм куракка чейинки балдарыбыздын мектеп программаларынан баштап, адабият китептерин, көргөн фильмдерин, мултьфильмдерин, окуган, уккан жомокторун жаңылап жазып берүү.

Ар бир предметтин программасын карап анализдеп, кошумчасын кошуп, кемчилигин алып, тазалап, ага кошумча илимге кызыктыруучу, баардык кесиптерге арналган, тарбиясы терең аңгеме, жомок, роман китептерин чыгарып, алардын негизинде фильмдерди чыгарып берүү…

Бул ондогон китептерди жазып чыгуу  жалгыз кишинин колунан келбеси анык эмеспи?

Андыктан:

Илимпоздорду, педагог-мугалимдерди, профессорлорду, акын жазуучуларды, сценаристтерди, кино режиссёрлорун “Иштешкиле”, “Иштешели”, байгесине кошуп гонорар да чыгарып берели, китебиңерди миңдеген нускаларга чыгарып, фильмдериңерди тарттырып берели, жаңыланалы, деп конкурс жарыяланууда.

Албетте, бул иш Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте жүргүзүлүүгө тийиш.

Бул эки тармактын жанылануусуна кеминде эки жыл, үч жыл кетет.

Аны менен бирге, кезеги менен жогорудагы КЕЛЕЧЕККЕ КЫЗМАТ-бул…. деген тизмедеги ар бир тармакка өз өзүнчө концепциялар жазылат жана тийиштүү тармактарга тапшырма берилип толугу менен көзөмөлдө болот.

Жыйынтыгында КЕЛЕЧЕК деген булактын көзү ачылып бараар багытыбыз тээ алыстан кол булгайт деп ишенели.

Келечегибизге ишенели!

Келечегибизге кызмат кылалы.

Келечек бир адамдын колунда болбойт.

Келечек элдин колунда, элдин ишениминде.

Келечекке баарыбыз кызмат кылуубуз керек.

СУРОО ТУУЛАТ?

Анда УЛУТТУК ИДЕОЛОГИЯБЫЗ КАЙСЫ? Деген.

Идеология маселесинде улуттук идеология менен мамлекеттик идеологияны чаташтырып алгандар көп. Жогоруда малекеттик идеология боюнча кыскача айттык. Ал эми Улуттук идеология бул улуттун улуттук менталитетин сактап аны өнүктүрүп өстүрүүдөн турат. Демек улуттун тили, нарк-насили, каада-салты, көөнөрбөс мурастары, тарыхы, генефонду таза сакталып өсүп- өнүгүшү керек. Кыргыз мамлекети сыяктуу түпкүлүктүү улуттун атын алып жүргөн унитардык өлкөдө мамлекет мамлекетте жашаган бардык этностордун укугун бирдей сактоо менен бирге эле түпкүлүктүү улут, анын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылат. Бул талашсыз. Анткени мамлекетти ошол улуттун өкүлдөрү түзүп жана кармап турат. Улуттун эгемен мамлекетүүлүктүн ээсибиз дешинин өзгөчөлүгү да ошол жеринде.

Кыргыз Республикасынын

мамлекеттик   катчысы            Чолпонбек Абыкеев

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button