«Отуз жыл бою туруктуу өнүгүүнүн жана климаттын өзгөрүүсүнүн таасиринин көйгөйлөрүн чечүү максатында Кыргызстан эл аралык аренада тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарын активдүү жылдыруучусу болуп келүүдө», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, БУУнун эгидасы астында уюштурулган биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенциясынын катышуучуларынын он бешинчи кеңешмесинде (КС-15) жасаган видеокайрылуусунда.

Мамлекет башчысы белгилегендей, буга байланыштуу БУУнун Башкы ассамблеясынын жетимиш алтынчы сессиясынын жалпы дебаттарында ал 2022-жылды — Эл аралык тоо жылы деп жарыялоо, тоолуу региондордун туруктуу өнүгүүсү боюнча беш жылдык программаны бекитүү жана 2027-жылы «Бишкек + Жыйырма беш» глобалдык саммитин өткөрүүнү демилгелеген.

«Кыргыз Республикасы БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Ковенциясынын максаттарын жактайт жана планетабыздагы биоартүрдүүлүктү сактоонун маанилүү маселелерин чечүү максатында Куньминде өткөрүлгөн кезектеги сессияны колдойт. Биздин жолугушуу эл аралык окуя — БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Рамкалык Конвенциясынын тараптарынын конференциясынын алдында өтүп жатканы өтө маанилүү. Анткени, дал ушул кубулуш жердин флора жана фаунасынын кыйроосунун негизги себепкерлеринин бири болуп калды», — деп билдирди президент Садыр Жапаров.