Бүгүн, 12-октябрда «Альянс» саясий партиясынын III кезексиз съезди болуп өттү. «Альянс» саясий партиясынын съездинин жүрүшүндө партиянын тең төрагалары болуп Мирлан Жеенчороев жана Жанар Акаев шайланды. Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин тизмеси, ошондой эле партиянын программасын бекитүү чечими кабыл алынды.

Партия өзүнүн тизмесин жарыялады. «Альянс» партиясынын катарында учурдагы депутаттар Алтынбек Сулайманов, Мирлан Жеенчороев, Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаев, Айсулуу Мамашева, Таабалды Тиллаев, Гүлкан Молдобекова, мурунку тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, журналист Эрнис Кыязов, Чынара Капарова, коомдук ишмер Сейтек Качкынбай, экономист, ишкер Эльдар Абакиров, финполициянын төрагасынын мурунку орунбасары Эмил Жамгырчиев бар. «Бир Бол», «Кыргызстан Либерал-Демократиялык Партиясы» жана «Адилеттүү Кыргызстан» саясий партияларынын лидерлери, саясатчылар «Альянс» партиясын түптөп, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого аттанды.