Коом

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер Сузак районундагы социалдык мекемеге жардам көрсөтүштү

Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрынан 15-октябрга чейинки аралыкта өткөрүлүп жаткан «Улгайган адамдарга көңүл буруу жана камкордук» аталыштагы акция өтүп жатат.

Анын алкагында Жалал-Абад облустук ЖККК бөлүмүнүн аппарат кызматкерлери Сузак районундагы улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык мекемесине барып, аталган мекемеге күнүмдүк турмушта керектелүүчү тазалоочу каражаттарды жана башка оокаттарды тапшырып келишти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер менен бирге барган Жалал-Абад шаарындагы №2 К. Закиров атындагы орто мектебинин окуучуларынан турган жол кыймылынын жаш инспекторлору  өздөрү даярдап келишкен чакан концерттик  программасын  тартуулап кайтышты.

Возможно, это изображение (в помещении)

Возможно, это изображение (6 человек, люди стоят и в помещении)

Возможно, это изображение (6 человек, люди сидят, люди стоят и в помещении)

Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖКККБнүн басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button