Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 702 аскер бөлүгүндө жаңыдан аскер кызматына чакырылган жаш жоокерлер аскердик ант беришти. Алар үчүн бул күн түбөлүк эсте калаарлык болду, анткени Мекен үчүн чын дилден кызмат өтөө ар бир эр азаматтын милдети эмеспи.

Бул күнү 145 жаш жоокер эли-жери үчүн кынтыксыз кызмат өтөөгө ант берип, Мекенди коргоочулардын катарын толукташты. Буга чейин жаңыдан аскерге чакырылган уландар бир ай бою атайын даярдыктан өтүшүп, аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрүн, жалпы аскердик курстан өтүштү. Саптык, дене тарбиялык жана ок атуу даярдыгынан аскердик кызмат үчүн зарыл болгон нерселерди үйрөнүшүп, жалпы аскердик уставды, аскер кызматынын коопсуздугунун негиздерин өздөштүрүштү.

Аскердик антка байланыштуу салтанаттуу жыйынга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин Колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов, аскер бөлүктүн аскер кызматкерлери, жаш жоокерлердин ата-энелери жана чакырылган коноктор катышты. Колбашчы өз сөзүндө аскер бөлүгүнүн өздүк курамын бүгүнкү салтанат менен чын дилинен куттуктап, кызматтагы ийгиликтер менен катар, ар бир жоокерге чың ден соолук каалады.

Иш-чара шаңдуу өтүп, жаш жоокерлер командирлеринин, чогуу кызмат өтөгөндөрдүн жана ата-энелеринин  алдында ант беришти.

Салтанат жаш жоокерлердин саптык даярдык, кол мушташы боюнча атайын даярдалган иш чарасы менен аяктады. Жыйындын соңунда майрамык концерт да тартууланды.