Коом

Боом капчыгайында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 2021-жылдын 25-октябрынан 29-октябрына чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3901-чакырымы) коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөрүн маалымдайт. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылат.

Жумуштар Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

«Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button