Саясат

Президент: Авиакаттамдар көбөйүп, аэропорттор оңдолду

2021-жылы авиарейстердин саны көбөйдү.  Бул тууралуу президент Садыр Жапаров  бүгүн, 23-октябрда, атамекендик жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынында  билдирди.

Россия менен Түркиянын шаарларына рейстер, сентябрь айынан баштап Ош-Москва-Ош маршруту боюнча жумасына 4 жолку каттам жанданды.

Тамчыдагы “Ысык-Көл” аэропорту ушул жылы 732 рейсти тейлеп, жүргүнчүлөрдүн саны 65 миңди түздү.

Анын ичинде “Исфана” аэропортунун аэродромун оңдоо иштери аяктады жана “Кербен” аэропортунун инфраструктурасын реконструкциялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө, анын натыйжасында “Кербен” аэропорту эл аралык стандарттарга жооп берген учуу-конуу тилкесине ээ болду.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button