Коом

Ализа Солтонбекова саламаттыкты сактоо министринин орун басары кызматынан бошотулду

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттиги Солтонбекованын өзүнө шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү буйрукка бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Белгиленгендей, ал мамлекеттик кызматтарда иштөөнү пландабайт. «Мага башка жумуш сунуш кылынган жок», — деген ал.

Белгилей кетсек, Ализа Солтонбекова 2021-жылдын февраль айынан бери саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button