Коом

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев: «Калкка көмүр үзгүлтүксүз ташылууга тийиш»

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Доскул Бекмурзаев Кара-Кече көмүр кенинде кара алтынды казуу иштери менен жеринде таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, энергетика министри көмүр Бишкек ЖЭБине жана калкка үзгүлтүксүз ташылышы керектигин баса белгиледи.

«Кара-Кечеде көмүр казуу, аны ташуу иштери кызуу жүрүп жатканына күбө болдук. Күнүнө 30дан ашык техника иштеп жатат. Калкты кара алтын менен камсыз кылуу үчүн көмүр ташуу иштери да активдүү жүрүүдө. Суткасына 400гө жакын унаа ташып жатат», — деди Доскул Бекмурзаев.

Андан соң министр Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы көмүр базалардын абалы менен жеринен таанышып, кара алтын сатылуучу пункттарда көмүрдүн көлөмү жетиштүү деңгээлде экенин белгиледи.

Муну менен катар Доскул Бекмурзаев эки облустун энергетикалык объектилеринин ишин жеринен көрүп, калкты электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле электр энергиясын үнөмдүү колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жигердүү жүргүзүү керектигин баса белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button