Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Глазго шаарындагы SEC Шотландиялык көргөзмө борборуна БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин Саммитине катышуу үчүн келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Саммит өтө турган Шотландиялык көргөзмө борборунун кире беришинде Мамлекет башчысын БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алды. Аны менен кыска саламдашуудан соң, Президент Садыр Жапаров менен Улуу Британиянын Премьер-министри Борис Джонсон учурашты.

Мамлекет башчысынын БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин Саммитинин ачылыш аземине катышары күтүлүүдө.

Эртең, 2-ноябрда, Президент Садыр Жапаров дүйнө лидерлеринин Саммитинин пленардык жыйынында кайрылуу жасайт.