Саясат
Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен падышалыгы үй-бүлөсү уюштурган салтанатка катышты
Кечээ, 1-ноябрда Глазго шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитинин алкагында Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландия королдук үй-бүлөсүнүн атынан кабыл алуу болду.
КР мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, салтанаттуу кабыл алууга Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров катышты.
Падыша үй-бүлөсүнүн атынан меймандарды Ханзаада Чарльз кабыл алды.
БУУнун климат боюнча конференциясы алкагындагы кечки сый кабыл алуу кечесинде ошондой эле башка өлкөлөрдүн лидерлери жана делегация башчылары катышты.