Президент Садыр Жапаров Глазго шаарына БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин саммитине катышуу үчүн барган. Мамлекет башчы Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын королдук үй-бүлөсү уюштурган салтанатка катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, саммиттин алкагында Улуу Британия менен Түндүк Ирландиянын королдук үй-бүлөсү дүйнө лидерлерин кабыл алып, ага президент Садыр Жапаров да барган. Падышанын үй-бүлөсүнүн атынан меймандарды ханзаада Чарльз кабыл алды.
Сүрөттөн көрүнүп тургандай, Жапаров салтанатта АКШ президенти Жо Байден, ханзаада Уильямдын жубайы Кейт Миддлтон, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана башка лидерлер менен жолуккан.
Белгилей кетсек, Жапаров Глазго шаарына БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин саммитине катышуу үчүн барган.