Инфраструктураны өркүндөтүү жана куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, УКМК кызматкерлери үчүн тийиштүү шарттарды түзүү боюнча иштер улантылууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында 4 батирлүү кызматтык үйүнүн курулушу аяктап, 2021-жылдын 3-ноябрында пайдаланууга берилди.

Бати рлерди пайдаланууга берүү аземинде КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Руслан Мейматкулов, мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жана ветерандары катышты.

Кызматтык үйлөрдүн курулушун подрядчы «Мега Профит» ЖЧКсы жүргүздү.