«Ата журт Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңешке  талапкер Камила Талиева  үгүт иштерин  чек арада жайгашкан кичи мекени Лейлек  районунан баштады.

Талапкер борбордон миң чакырым алыста жайгашкан райондун ар бир айылана барып, элдин көйгөйүн угуу менен өзүнүн программаларын тааныштырды.

Возможно, это изображение (один или несколько человек и текст)

Атап айтсак, туулган айылы Маргундан тартып,  Катраң, Андарак, Арка, Баул, Айбике, Голбо, Айкөл айылдарын, Ифана шаары жана ага жакын жайгашкан айылдарда болуп, шайлоочулар менен жолугушуп, өлкөдөгү жасалып жаткан иштер, айылдагы көйгөйлөр, социалдык маселелер менен пикир алышып, суроолоруна жооп берди.

Шайлоочулар жөлөк пул берүү системасын кайрадан карап чыгууну өтүндү. Азыркы жобо боюнча үйүндө пенсия алган адам, машина, мал, ж.б. болсо балдарга жөлөк пул берилбейт. Ошондой эле сугат суу, таза суу, ички жана айылды бириктирүүчү жолдор, ФАП, медициналык мекемелер, жумуш орундарын түзүү тууралуу суранычтарын айтышты.

 

Возможно, это изображение (7 человек, люди стоят и на открытом воздухе)

Өз кезегинде талапкер Камила Талиева шайлоочулардын суроолоруна жооп берип, чек ара маселеси делимитация жана деморкация иштеринен соң чечилерин, ал эми пенсия посибие боюнча ар бир айылда көйгөй бар экенин эске алып, жаңы мыйзам  долбоорун жазарын билдирди.

 

«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «Kadam-media.kg»  маалымат порталы тарабынан 2021-жылдын 9-ноябрында чыгарылды, нускасы  даана, дареги: Кыргыз Республикасы Бишкек шаары, Гоголь көч. 3-79. Партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).