Бишкектин Арча-Бешик конушунун Күйүков көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 90 чарчы метр чатыры, балдар бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 03:28де бир бөлүм тартылган. Саат 03:46да кошумча бир бөлүм тартылган. Турак үйдөн чыккан өрт саат 05:28де толук өчүрүлгөн.

“Кырсыктын кесепетинен 30 жаштагы А.У. аттуу үй ээси көмүр кычкыл газына ууланып, тез жардам кызматы аны ооруканага алып кеткен. Аталган жаран ооруканага жетпей каза болгон”, — деп айтылат маалыматта.

Өрттүн себеби такталууда.