Саясат

Депутат Аккулу Бердиев: ОшМУнун ректорун кайра ордуна коюш керек

Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобековду бошотулган кызмат ордуна кайра алып келүү керек деген пикирин айтып, министрлер кабинетинин төрагасына кайрылды.

Эл өкүлү ректор студенттердин баарын көзөмөлдөй албайт деген пикирин билдирип, аны кызматтан алуу адилетсиз деп эсептерин айтты.

«Кечээ саясатка аралаштырып, 10 студент партиянын үгүт жыйынына катышты деп ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековду иштен алып койду. Эми ал бардык студентти көзөмөлдөй албайт. Ошондуктан муну калыс карап, кайра ордуна коюп коюш керек да. Ал көптөн бери жакшы иштеп келе жаткан жаш кадр, өсүш керек», — деди Бердиев.

Эске салсак, кечээ, 9-ноябрда, ОшМУнун студенттери шайлоого аттанган партиялардын биринин үгүт иштерине катышкандыгы үчүн ректор Кудайберди Кожобеков, педагогика факультетинин деканы Муратбаев жана ошол эле факультеттин үч окутуучусу кызматтан алынган. Аны менен катар билим берүү жана илим министри Болот Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button