Саясат

Стамбулда ТМКК отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) 8-Саммитинин жыйынтыгы боюнча Стамбул шаарында бир катар документтерге кол коюлду.

Түрк кеңеши өлкөлөрүнүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту:

–Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин аталышын Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүү жөнүндө чечим;

— Түрк мамлекеттер уюмунун сегизинчи саммитинин декларациясы;
— Түркмөнстанга Түрк мамлекеттер уюмунда байкоочу макамын берүү жөнүндө чечим;
— Түрк дүйнөсүнүн 2040-көз карашын кабыл алуу жөнүндө чечим;
— Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн Түрк мамлекеттер уюмунун Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгы жөнүндө чечим;
– Түрк мамлекеттер уюмуна өнөктөш макамын белгилөө жөнүндө чечим;
–Түрк мамлекеттер уюмунун ардактуу төрагасынын укуктарын жөнгө салуу жөнүндө чечим;
— Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө чечим;
— Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басарларын дайындоо жөнүндө чечим;
— Түрк мамлекеттеринин Уюмунун Түрк инвестициялык Фондун түзүүнү жыйынтыктоо жөнүндө чечим.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button