Коом
Бишкекте көмүрдү арзан баада саткан кошумча кампа ачылды
Бишкекте Ден Сяопина, 306/2а көчөсүндө кошумча көмүр сатуучу кампа ачылды. Анда көмүрдүн тоннасы 3000 сомдон сатылууда.
Буга чейин Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Кара-Кеченин көмүрүн арзандатылган баада сатууну уюштуруу тапшырмасы берилген.
Калктын көмүргө болгон суроо-талабынын жогору экендигин эске алып, арзандатылган баадагы көмур базасынын кошумча пунктун ачуу чечими кабыл алынды.
Бишкек шаарында көмүрдү арзандатылган баада сатуу төмөнкү даректерде жүргүзүлүүдө: Бишкек шаары, Мурманская көчөсү 1Б/1 жана Ден Сяопина проспектиси 306/2а.